БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров мындай терс көрүнүштөрдү, айрыкча балдарга карата жасалган зөөкүрлүк мамилени кескин сындайт. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча окуяга комментарий берип жатып билдирди.
Анын айтымында, Жапаровдун администрациясы шектүүлөргө адилеттүү жаза берет деп ишенет.
"Бул акмактардын аракети эч кандай актоого же кандайдыр бир жагдайларды эске алып жазасына жеңилдик берүүгө жол бербейт. Мындай зөөкүрлүккө баргандар мамлекеттик системада иштебеши керек. Коомчулук акмактардан тазаланышы керек. Президент Жапаров мындай терс көрүнүштөрдү, айрыкча балдарга карата зөөкүрлүк мамилени кескин сындайт", — деди Султанбаев.
Ал ошондой эле мамлекет жашы жете электерге, балдарга карата зомбулукка жол бербөө багытында мындан ары да бардык аракетин жасай турганын кошумчалады.
Март айында Свердлов райондук прокуратурасы эки милиционер менен бир киши 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча шектелип жатканын кабарлаган. Тергөөнүн версиясы боюнча, А. Э. аттуу милиционер менен К.Н. аттуу жаран жашы жете элек кызды жыныстык катнашка барууга мажбурлаган. Кийинчерээк дагы бир милиционер колго түшкөн.