Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Кытай эксперти: Украинадагы кырдаал Европаны өзөктүк согушка кептеши мүмкүн

Эксперт АКШнын аймакта үстөмдүк кылуу аракети Европанын кыжырын ого бетер келтирип жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Украинадагы кырдаал Европаны өзөктүк согушка кептеши ыктымал. Бул тууралуу Кытайдын аскерий эксперти Сун Чжунпин Global Times басылмасына маек берип жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
"Эгер аскердик кризис токтобой күчөй бере турган болсо, Европа ага эрксизден кошулуп кетиши ыктымал. Муну аталган континенттеги мамлекеттер каалаган жок. Эгер чыр-чатак созулса, Россия менен НАТОнун ортосунда тирешүүнү пайда кылат. Мындай учурда Европада өзөктүк согуш чыгып кетиши мүмкүн", — деген Чжунпин.
Эксперт АКШнын аймакта үстөмдүк кылуу аракети Европанын кыжырын ого бетер келтирип жатканын белгилеген. Ошондой эле ал Кошмо Штаттар Украинадагы кырдаалды Европаны көзөмөлдөп, Россияны ооздуктоо үчүн колдонуп жатканын Евробиримдик түшүнүп жатканына токтолгон. Муну менен катар АКШ Киевге көзгө көрүнөрлүк жардам кылууга аракет кылбаганын да белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия менен Европанын ортосунда согуш чыгышы мүмкүнбү? Боррелдин жообу