Түрк мамлекеттер уюмунун инвестициялык фонду түзүлүп жатат. Максаты

Фонддун уставдык капиталы 350 миллион долларды түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) инвестициялык фондун ишке киргизүү үчүн Стамбул шаарында жогорку кызмат адамдарынын жолугушуулары өтүүдө. Бул туурасында Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Буга чейин ТМУ мамлекет башчылары инвестициялык фонд түзүү боюнча макулдашышкан.
Фонддун 350 миллион долларлык уставдык капиталы уюмга мүчө-өлкөлөр: Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Азербайжан, Өзбекстан тарабынан бирдей үлүштө түзүлөт.
"Кыргыз тараптын делегациясын экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов жетектеп барган. Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар мамлекеттик процедураларды жүргүзүү үчүн тийиштүү макулдашуунун долбоорун иштеп чыгышат. Ошондой эле кол коюуга документтерди даярдашат", — деп айтылат маалыматта.
Бул инвестициялык фондуну негиздөөнүн максаты — аймактык ички сооданы кеңейтүү жана экономикалык кызматташтыкты колдоо аркылуу ТМУга мүчө-мамлекеттердин экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү.
Белгилей кетсек, жакында өткөн ТүркПАнын отурмунда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов фонддун штаб-квартирасын Бишкекке жайгаштырууну сунуштаган.
РКӨФ Кыргызстандагы текстиль фабрикасына 7,5 млн. доллар бөлөт