БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министрлиги РИА Новостиге антиковиддик чектөөлөр алынгандан кийин өлкөгө чет элдиктер кандай эреже менен кирерин түшүндүрдү.
Анда мурдагыдай эле паспорт, виза жана коронавируска чалдыккан жок деген ПЦР-тесттин жыйынтыгы керек.
Коронавируска каршы иш алып барган штаб РФтин аймагына киргендерге карата азыркы эпидемиологиялык шарттан улам убактылуу чектөөнү алып салуу чечимин кабыл алганы айтылат.
Анда "15-июлдан тарта Россияга чет элдик жарандардын кирүү тартиби "пандемияга чейинки мезгилге" (категориялар, кирүүнүн негизги эрежелери, өлкөгө кирип келе жаткан өткөрүү пунктулар боюнча чектөөлөрдүн коюлбашы) кайтып барат деп айылган. Сапар жарактуу болгон, ким экендигин аныктаган документтердин жана визанын (эгерде талап кылынса) негизинде жасала берет.
ТИМ муну менен катар эле "РФке кирип келе жаткан чет элдиктерге (аба жолу менен каттаган Беларустун жарандарынан башкасы) медициналдык документ — коронавируска чалдыккан жок деген ПЦР-тесттин жыйынтыгы талап кылуу али күчүндө" экендигин белгиледи.