Жаан жаайбы? Дем алышка карата аба ырайы

Ысык-Көл облусунда эки күн катары менен өткүн өтүшү ыктымал. Бирок абанын температурасы 26 градуска чейин жылыйт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет апта этегиндеги эки күнгө карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Жума аягында өлкөнүн айрым жерлеринде жаан жааса, кээ бир облустарында күн ачык болору күтүлүүдө. Бишкекте жамгыр жаабайт, күндүн табы 33 градуска чейин ысыйт.

Чүй, Талас облустары

Чүйдө 9-июлда күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүшү ыктымал. Дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт. 10-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу жерлерге жамгыр себелеп кетиши мүмкүн. Абанын температурасы 31 градуска чейин ысыйт. Таласта дагы 10-июлда тоо этектеринде жаан жаашы мүмкүн. Негизинен дем алышта күн ачык болору айтылды.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Түштүк аймактарда апта аягында жаан жаабайт, күндүн табы 35 градуска чейин жетип, ысык болору айтылды. Ош облусунун тоолуу жерлеринде ишембиде өткүн өтүшү ыктымал.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Ысык-Көл облусунда эки күн катары менен өткүн өтүшү божомолдонууда. Жалпысынан күн ачык болуп, абанын температурасы 26 градуска чейин ысыйт.
Нарында дагы дем алыш күндөрү кээ бир аймактарга жамгыр себелеп кетиши күтүлүүдө. Абанын температурасы 25...27 градуска чейин ысыйт.
Окулист күндөн коргоочу көз айнек тууралуу кызыктуу фактыларды айтып берди