Бүтүрүүчүлөр тоого чыгып кетпесин. Милиция шаар четине блокпост коюп текшерет

Учурда борбор калаада 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн аттестат алуу аземи өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Бүгүн түштөн кийин шаардан чыгуучу чоң көчөлөрдө атайын блокпосттор орнотулуп, өспүрүмдөр менен бара жаткан унаалар текшерилет. Бул туурасында Бишкектин Кайгуул милиция кызматы кабарлады.
Азыркы учурда борбор калаанын дээрлик бардык мектептеринде 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн аттестат алуу аземи өтүп жатат.
Ушуга байланыштуу кайгуул кызматкерлери ар бир мектепте коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чараларын көрүүгө киришти. Ошондой эле өспүрүмдөр катышкан кылмыштарга, укук бузууларга, ичкилик, баңгилик өңдүү ар кандай терс көрүнүштөргө жол бербөө боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
Андан сырткары, бүтүрүүчүлөр иш-чара бүткөндөн кийин ата-энелеринин жана улуу кишилердин коштоосу жок өз алдынча тоого же эс алуучу жайларга чыгып кетпеши көзөмөлдөнөт.
Кайгуул милиция ата-энелерге да кайрылып, балдарын тыкыр көзөмөлдөп турууга чакырды.
Милиция наркологдор менен коомдук транспорттун айдоочуларын текшерүүдө. Сүрөт