50 абитуриент гранттык орунга мыйзамсыз кабыл алынган. УКМК иликтөөдө

Чет элдик жарандар үчүн каралган орунга кыргызстандыктар кабыл алынганы аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. УКМК Билим берүү жана илим министрлигинин кызмат адамдары жана алдыңкы мамлекеттик ЖОЖдордун биринин кабыл алуу комиссиясы гранттык орундарды мыйзамсыз берген деп шек санап жатат.
Маалымат кызматы билдиргендей, бул кылмыш ишинин алкагында президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин өкүлдөрүнүн катышуусунда ведомстволор аралык комиссия түзүлүп текшерген. Анын корутундусуна ылайык, министрликтин кызмат адамдары чет мамлекеттердин жарандары үчүн бөлүнгөн гранттык орундарга 50 абитуриентти кабыл алуу боюнча мыйзамсыз буйрук чыгарган. Мындан улам жогорку окуу жай бул орунга кыргыз жарандарын кабыл алганы айтылды.
"Тергөөдө сырттан келген абитуриенттердин мүмкүнчүлүгү чектелгени аныкталды. Муну гранттык орундарга ачык сынактын жарыяланбаганы жана өткөн студенттердин Жалпы республикалык тестирлөөдө алган төмөн баллдары далилдеди. Мындан тышкары, кабыл алуу Билим берүү министрлигинин бирдиктүү электрондук порталы аркылуу эмес, жогорку окуу жайдын тандоо системасы менен жүргүзүлүп, абитуриенттерди каттоо бир күн ичинде жүргүзүлгөн. Бул өлкөнүн билим берүү тармагындагы мыйзамдарына карама-каршы келет", — деп билдирди УКМК.
Учурда кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатканы белгиленди.
Бишкекте судьянын жасалма диплом алганы айтылып, кылмыш иши козголду