Төө-Ашуудагы тоннель 9-июлга чейин маал-маалы менен жабылып турат

Бүгүн Бишкек — Ош жолундагы "Сосновка" постунда автоунаалардын каттамына чектөө коюлганы маалымдалган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. 9-июлга чейин Төө-Ашуудагы Көлбаев тоннели мезгил-мезгили менен жабылып турат. Мындай кадамдар анын ичиндеги күйүп кеткен электр кабелдерин алмаштыруудан улам болорун Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлады.
Эске салсак, кечээ, 5-июлда, саат 15.50лөр чамасында тоннелдин 1250 метринен өтүп бара жаткан Lexus 470 үлгүсүндөгү жолтандабас өрттөнүп кеткен. Алдын ала маалымат боюнча, автоунаанын кырсыкташына жаңы орнотулган газ жабдуусу себеп болгон. Мындан улам Бишкек — Ош жолунда бараткан автоунаалар өтө албай калган.
Министрлик күйүп кеткен автоунааны тоннелдин түштүк тарабына чыгарылгандыгын, аталган жайдын ичиндеги электр энергиясын калыбына келтирүү үчүн энергетиктер келишерин билдирген. Кыймыл кайрадан калыбына келтирилген.
Бүгүн Бишкек — Ош жолундагы "Сосновка" посту кайрадан жабылганы маалымдалды.
Төө-Ашуудагы тоннелде өрт чыкты. Видео