Бишкек — Ош жолунун "Сосновка" посту кайрадан жабылды

Каттам качан жанданары белгисиз, энергетиктер жумушун бүтөрү менен жол ачылат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунун "Сосновка" посту кайрадан жабылды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, пост бүгүн эртең менен жабылган. Учурда Төө-Ашуудагы Кусеин Көлбаев атындагы тоннелдин жарыктандыруу системасын оңдоо үчүн энергетиктер иштеп жатат. Алар жумушун бүтөрү менен жол ачылат.
Белгилей кетсек, 5-июлда саат 15.50 чамасында Төө-Ашуудагы тоннелдин 1250 метринен өтүп бара жаткан Lexus 470 үлгүсүндөгү жолтандабас күйүп кеткен. Алдын ала маалымат боюнча, автоунаанын өрттөнүп кетүүсүнө жаңы орнотулган газ жабдуусу себеп болгон. Мындан улам Бишкек — Ош жолунда бараткан унаалар өтө албай, тоннелдин ичиндеги жарык өчүп калган. Кечээ кечинде унааны сүйрөп чыгып каттам жанданган болчу.
Төө-Ашуудагы тоннелде күйгөн Lexus 470 чыгарылып, Бишкек — Ош жолу ачылды