Россиялык жөө күлүк Кыргызстандын атынан мелдешке чыгууга ниеттенип жатат

Трофимова маектеринин биринде Кыргызстанда машыккан жакканын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Россиянын марафондор боюнча беш жолку чемпиону Сардана Трофимова Кыргызстандын жарандыгын алды. Бул тууралуу "Якутия 24" телеканалы жазды.
"Мен Кыргызстандын жарандыгын алдым, азыр спорттук карьерам боюнча сунуштар каралып жатат. Олимпиада комитети бир нече жылга карантин бере алат. Ошондо менде Франциядагы мелдешке катышууга мүмкүнчүлүк болот", — деди Якутиянын спортчусу.
Трофимова маектеринин биринде Кыргызстанда машыккан жакканын айткан.
"Жаратылышы кооз, эли меймандос, машыгууларга барганда кадимкидей Кыргызстандан күч топтойм. Азыр эсептеп көрсөм 3-4 ай эле үйдө болот экенмин. Калган убакта машыгууларда чет мамлекеттерде жүрөм, анын дагы 4-5 айы Кыргызстанда өтөт", — деди жөө күлүк.
Жайкы Олимпиада 2024-жылы Парижде өтөт.
Акжол Махмудов УОКтун Спортчулар комиссиясынын төрагасы болуп шайланды