Кытай дүйнө түзүлүшүнүн азыркыдан адилеттүү кылуу үчүн салым кошууга даяр

Цзечи глобалдык өнүгүү олуттуу кыйынчылыктарга дуушар болгонун белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Кытай глобалдык туруксуздуктун фонунда адилеттүү тартипти куруу үчүн өнүгүп келе жаткан өлкөлөр менен кызматташууну бекемдөөгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу Кытайдын Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин тышкы иштер боюнча комиссиясынын канцелярия башчысы Ян Цзечи билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, украина каатчылыгы азык-түлүк, энергетика, финансы түзүмүнө таасирин тийгизип, глобалдык өнүгүү олуттуу кыйынчылыктарга дуушар болду.
"Азыркы кырдаалда Кытай өнүгүп келе жаткан өлкөлөр менен стратегиялык карым-катыш, кызматташтыкты чыңдоого даяр. Ошондой эле БУУнун 2030-жылга чейинки туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууга салым кошууга, өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин жалпы кызыкчылыгын коргоп, эл аралык саясий жана экономикалык тартипти адилеттүү түзүүгө көмөк көрсөтүүгө ниеттенүүдө", — деген ал.
Белгилей кетсек, Ян Цзечи 29-июндан 4-июлга чейин Пакистан, Бириккен Араб Эмирлиги, Зимбабве жана Мозамбик өлкөлөрүнө барган.
Медведев: Европада энергетикалык кризис күчөй берет