Песков Си Цзиньпин Россияга келүүдөн баш тартты деген кепти четке какты

Буга чейин айрым ЖМКлар Кытай лидери Путиндин чакыруусун кабыл албай койгонун жазып чыгышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин Россияга келүүдөн баш тартты деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песковдун айтымына таянып РИА Новости жазды.
Буга чейин айрым ЖМКлар Кытай лидери Путиндин Россияга чакыруусун кабыл албай койгонун, муну ал коронавирус менен байланыштырганын жазып чыгышкан.
"Кытайда коронавируска байланышкан айрым чектөөлөр уланууда. Бул кадыресе көрүнүш жана аны түшүнүү менен кабыл алуу керек. Путинде Кытайга чакыруу, Си Цзиньпинде Россияга чакыруу бар. Жогорудагы чектөөлөр мүмкүнчүлүк берген соң бардык сапарлар ишке ашырылат", — деген Песков.
Мамлекет башчылар ар кандай форматта байма-бай пикир алышып турат. Июнь айында өлкө башчылары телефон аркылуу сүйлөшүп, онлайн өткөн БРИКС саммитине катышкан. Февралда Россия президенти Пекиндеги Олимпиада оюндарынын ачылышына барган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кытай Россиянын санкцияларга каршы эки көзүрүн атады