Россиялык аскерлер Ысык-Көлдө чөгүп жаткан эки кызды куткарып калды

Аскерлер куткаруучулар келгенге чейин катер менен барып кыздарды суудан алып чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Россиялык аскерлер Ысык-Көлдө сууга чөгүп жаткан эки кызды куткарып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн Жети-Өгүз районунун Липенка айыл аймагынын Кой-Сары тилкесинде эки кыз көлгө чөгүп жатат деген маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге жети куткаруучу жөнөп кеткен.

“Куткаруучулар жеткичекти Кой-Сары аскер базасынын кызматкерлери чөгүп жаткан кыздарды көрүп, катер менен барып аман алып калышкан. Андан соң ӨКМдин куткаруучуларына өткөрүп беришти. Алар Жети-Өгүз айылына жеткенде тез жардам унаасы астынан тосуп чыгып андан ары ооруканага алып кеткен”, — деп айтылат маалыматта.

Куткарылган кыздардын абалы оор экени айтылды. Экөө тең Липенка айылынын 22 жаштагы тургундары болгон.
Эске салсак, Кой-Сарыда Россиянын аскердик-деңиз флотунун суу астындагы куралдарга каршы күрөшүү боюнча сыноо базасы жайгашкан.
Ысык-Көлдө милиционер сууга чөгүп бараткан аялды куткарып калды