Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Баса албагандарды аскерлер көтөрүп чыгышты. Луганскидеги эвакуациянын видеосу

Росгвардия жоокерлери элди көчүрүп жатканда жакын эле жерден миналар жарылып турганын айтып беришкен.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Луганскидеги калктуу конуштардын биринин жай жашоочуларын Росгвардия жоокерлери эвакуациялаган видеону RT таратты.
Тасмадан жашоочулардын жашаган жайын таштап кеткиси келбей көзүнө жаш айланган, баса албаган кемпирди жоокерлер көтөрүп автоунаага салган жана тарсылдап октун үнү тыйылбаган кадрларды көрүүгө болот.
"Жашоочулар 40 күндөн бери жер төлөдө жашап, ок жааган жерден баш көтөрө алган эмес", — деп айтылат маалыматта.
Аскерлер ал жай жашоочуларды өздөрүнүн денеси менен калкалап, ок өтпөс, сооттолгон транспортко салган. Росгвардия жоокерлери ал учурда жакын эле жерден миналар жарылып жатканын айтып беришкен.
Северодонецк шаарынан карапайым калк эвакуацияланып жатат. Видео