Курман айт намазы эски аянтта окулат. Программа

Айт намаз дин аалымдарынын баяндамалары менен башталат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Кыргызстанда Курман айт намазы 9-июль күнү эски аянтта окулат. Бул тууралуу муфтият билдирди.
Ага ылайык, иш-чара таңкы саат 6:00дө башталып, дин аалымдарынын баяндамалары жана куттуктоолору айтылат.
Программа:
06:00-07:00 — дин аалымдарынын баяндамалары;
07:00-07:25 — муфтийдин куттуктоосу жана баяндамасы;
07:25-07:30 — куттуктоолор;
07:30 — айт намаз.
Курман айттан улам кыргызстандыктар үч күн катары менен эс алмай болду