The Economist: Россия менен энергетикалык согушта Европанын жолу болбой жатат

Макаланын автору Европа жазында жарык, жылуулук өчпөсүн десе кырдаал өзгөрүшү керектигин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Россия менен энергетикалык согушта азырынча Европанын иши оңунан чыкпай жатат. Бул тууралуу Британиянын The Economist басылмасына таянып РИА Новости жазды.
Макаланын автору 28-июнда "Чоң жетиликтин" өлкө башчылары мунайдын жана Россиядан келген газдын наркын чектөөнүн жолдорун издешерин билдиргенин эске салып, калкты коркунучтуу кесепетке даярдап жатканын белгилеген.
"8-июнда өрттөн улам Техастагы Фрипорт шаарында газды суюлткан ишкана жабылды. Бул үч айга созулушу мүмкүн. Жыйынтыгында Европа 2,5 пайызга газ менен камсыз болбой калышы ыктымал", — деп жазылат макалада.
Автор бир апта мурда Россиянын "Газпром" ишканасы Европага "Түндүк агым-1" түтүгү аркылуу газ жеткирүү 40 пайызга чейин кыскара турганын айтканын да белгилеп, жыйынтыгында Европа келчү газдын дагы 7,5 пайызынан кол жууганын кошумчалаган.
"Июлда "Түндүк агым" техникалык тейлөөгө убактылуу жабылат. Бирок оңдоо иштери бүткөн соң кайра ишин жандантпай коюшу ыктымал деген да коркунуч бар. Эгер андай болсо, анда Европа кышка газдын керектүү көлөмүнүн 60 пайызы менен гана кирет. Мындан улам континент келерки кышта өзүн жылыта алабы деген ой жаралат", — деп жазылат макалада.
Соңунда басылма Европа жазында жарык, жылуулук өчпөсүн десе кырдаал өзгөрүшү керектигин белгилеген.
Өткөн аптанын башында "Газпром" чектөөлөрдөн улам "Портовая" компрессордук станциясы "Түндүк агымга" суткасына 100 миллион куб метрден гана бере аларын айткан. Негизи мурда 167 миллион көлөмдө пландалган. Немецтик Siemens компаниясынын агрегаттарында оңдоо иштери кечигип жаткандыктан станцияда газды сордурган үч гана агрегатты колдонуу мүмкүн болуп турат. Газпром "Портовая" станциясында дагы бир агрегаттын ишин токтоторун билдирди. Ага 16-июндан тарта суткасына 67 миллион куб метрден ашык газ жөнөтүүгө болбой тургандыгы себеп болгон.
Жыйынтыгында Nord Stream AG магистралынын оператору "Түндүк агымдын" эки түтүгүн тең 11-июлдан 21-июлга чейин техникалык тейлөө үчүн токтото турганын тастыктаган. График жана иш планы алдын ала макулдашылганы айтылды.
Россиянын газы жок. Германиялыктардын көбү кышка кабатыр