Батыш мамлекеттеринин лидерлери өз эрки менен россиялык мунайдын жогорку баасын коюуга тырышып, ал эми адистери жана биржалар көгүлтүр оттун наркын жоромолдоого далалаттанып турганда Россиянын өзүндө жана анын жака-белинде бир топ кызык окуялар болууда. Россиялык журналист Сергей Савчуктун жагдайга сереп салган материалы РИА Новости агенттигине жарыяланды.
Жакында эле РФтин энергетиктери Белгород облусунун өкмөтү менен биргеликте Харьков облусунун бошотулган райондоруна профилдик жүктүн ири партиясын жеткирди. Атап айтканда, устун, электр өткөрүүчү чубалгылары, изолятор, кыскыч, жогорку вольттук туташтыргычтар, ар кыл энергетикалык жабдуулар, унаа тетиктери (167 тонна) жана 25 тонна трансформатордук май жүктөлгөн. Жүктүн негизги бөлүгү, айрыкча трансформатордук май Изюм жана Балаклеяга бөлүнүп, оңдоо-түзөө иштери жүрүп, жергиликтүү подстанциялар кайрадан ишке киргизилмекчи.
Россиялык кесиптештеринин жардамы менен калаа, кыштактарда согуштук аракеттер убагында бузулган электр кубатын, канализация жана тазалоочу курулуштарды калыбына келтирип жүргөн коммуналдык мекемелердин жүздөгөн, миңдеген кызматкерлеринин мээнети көңүл тышында калбоого тийиш. Мисалы, өткөн айдын башында Белгород жана Харьков облустарынын ортосундагы жогорку вольттук линия калыбына келтирилди. Россиялык аймактан энергетикалык көпүрө менен өткөрүлчү электр кубаты Харьков облусунун жарым миллионго чукул тургундарын электр кубаты менен туруктуу түрдө камсыздоого мүмкүндүк берди.
Согуштук аракеттер андан ары жылып, ал эми тыл уюшулган жерлерде суу түтүктөр жарылган, электр тартылган устундар, электр өткөргүч чубалгылар, имараттардын өрттөн калган сөлөкөттөргө толгон айыл, шаар тибиндеги кыштак жана калаалар калууда. Жер төлөдө апталап, ал түгүл айлап шам жагып, колуна тийген азыктан татып, суу ташып алууга жакынкы арыкка чуркап, көз ирмеген сайын октун атылышын же минанын жарылышын күтүп жашаган адамдар үчүн жанып турган лампочка же крандан аккан суу ааламдын бар байлыгынан миң эсе кымбат.
Россия жетекчилиги ушундай жөнөкөй жана маанилүү учурду түшүнүп, бошотулган аймактарды калыптандырууга атайын аскердик операция аймагындагы аскердик бөлүктөрүнөн кем эмес көңүл буруп, күч жана каражат жумшоодо. Эки-үч күн оболу
Мариуполдогу кайра тургузулчу үйлөрдүн батирлеринин варианттарын көрсөттү. Расмий ачыкталган пландарга ылайык, күзүндө 12 жапжаңы беш кабат үй бүткөрүлүп, миң чакты түтүн кайрадан конуштуу болуп, ачкычтарын колго алышат. Луганск да курулушчулардын көңүл тышында калган жок.
Ноябрда 200 орунга чакталган көп функционалдык медициналык борбору ачылып, алгачкы бейтаптарын кабыл ала баштайт. Пандемия маалында аскердик курулушчулардын Москванын четиндеги Подольскиден Ыраакы Чыгышка чейинки профилдик медициналык борборлорун тургузуудагы ыкчамдыгын эске алсак, Луганск долбоорун ишке ашырууда да ийгиликке жетишеринен шек санагандар болбосо керек.
Россиялык аскерлер тылда жана курулушта да согуш талаасындагыдан кем эмес күжүрмөн келишет. Инженердик бөлүктөр Крымда таза суу булагын издеп, бургулоо жана чыгаруу долбоорунда кынтыксыз иш алып барышкан. Түндүк-Крым каналынан суу берүү калыбына келтирилгенче материалдык-техникалык камсыздоо бөлүктөрүнүн аракети менен таза суу Симферополго тийиштүү көлөмдө келип турган. Москва былтыр Азов деңизинин түбүнөн ылдый таза суу корун издөөгө 50 миллиард рубль бөлгөн. Ушул жана башка аракет, иш-чаралардын топтому крымдык жер ээлерин суу менен камсыз кылууга мүмкүндүк берди. Ал эми бул көлөмдү тиричилик сектору менен салыштырып болбойт эмеспи.
Аскердик кесиптештеринен жарандык курулушчулар да кем калышпайт. Марат Хуснуллиндин айтымында, Донбасста азыртан эле атайын техниканын миңден ашуун түрү менен куралданган алты миңден ашуун адис мээнеттенип жатат. Мындай көрсөткүч дагы өсөрү айдан ачык, анткени РФ вице-премьердин убадасына ынансак, быйыл Донецк жана Луганск облустарынын аймагында 500 чакырымдан ашуун автожолу жана чегинген украиналык армия тарабынан жардырылган 15 көпүрө оңдоп-түзөлмөкчү. Согуштук аракеттерге чейин Донбассты көргөндөр, айрыкча Луганск облусунда жол инфраструктурасынын кейиштүү абалын билет чыгар. 30 жыл бою бул менен Киевдин иши да болгон эмес.
Биринчи Майданга чейин эле тактыга отурган – конституциянын нормаларын бузуу менен Виктор Ющенко президент болгондогу Киев бийлиги жылдап украиналыктарга Донбассты болушунча мүңкүрөгөн, дотациялык аймак катары көрсөтүп, ушундай образды алардын аң-сезимине сиңирген. Жергиликтүү телеканал жана журналисттер талкаланган шахталык кыштактар, жабылган шахталар, эски турак жай жана коммуналдык фонд тууралуу берилип, ашыгып баяндашчу.
Канчалык бир деңгээлде чындыгы да жок эмес. Анткен менен бул аймактарда Киев каржынын баарын болушунча "сыгып" алып, бирок кайра болбогон тыйынды бөлүп турушкан. Бул аймактардын кулуну Виктор Януковичтин тушунда да кырдаал жакшырып кеткен эмес. Бирок 2014-жылдын жайында Киев өзүнүн ушул эки тынч облусуна каршы согуштук аракеттерди баштады. Ошондон көп өтпөй Украинанын ошол убактагы премьери Арсений Яценюк чындыкты айтып алган. Маектеринин биринде ал Луганск жана Донецк республикаларынын территориясында Украинанын бюджетине түшкөн бардык валюталардын чейрек көлөмүн камсыздап турган 70тен ашуун көмүр шахтасы жана башка ишканалар калганын билдирген.
Желеде Россияга кастарын тиккен, аны көрө албагандар РФ мүңкүрөгөн, жакыр территориялардын жүгүн өз мойнуна алганын айткандар, федералдык бюджетин да, жалпы өлкөдөгү турмуш деңгээлин түпкүргө тартарын жоромолдогондор да жайнайт. Бирок мындай кептер суу кечпейт.
Жүз жыл оболу жаш советтик Донбасс түптөлүп жатканда "Россиянын күрөө тамыры" атыккан. Мында катачылык жок. Донецк көмүр бассейни Украина ССРинин курамына кириши боордоштукка жана чек араларды, мүлктүк айырмачылыктарды жоюуга кудуреттүү дүйнөлүк революцияга ынанган большевиктердин кыялкечтигинин жыйынтыгы. Анткен менен совет бийлигинин да мээнетин белгилеп койгон дурус, себеби Донбасстын потенциалы толугу менен ачылган. Донбасс көмүр кенинин мекени экенин кезегинде кенедей бала да билчү. Табият дегеле аянбаптыр, аймактагы 60 миң чарчы аянтка биринчи сорттогу 140 миллиард тонна көмүр катылган.
Батыш экологдорунун көмүр эскинин отуну дегендерине ишенген болбойт. Дал ушул тапта Европа россиялык көгүлтүр оттун тартыштыгынан улам көмүр жагылуучу Жылуулук электр станцияларын жана борборлорун кайра жандандырууга далбас урууда. Ал эми кара алтындын наркы азыр 300 доллардан ашып, соңку он жылдыктардагы рекордду кагууда.
Аталган негизги байлыгынан сырткары Донбасс доломит, флюстук жана курулуш акиташынын, отко туруштук берген жана чоюлган чопо, мергель, курулуш жана кварцтык кумдун коруна бай. Булардын баары азыркы жана келечекте ачыла турган металлургия ишканаларынын ишин камсыздап, ошону менен бирге эле айыл-кыштак жана калаалардын урандыларынан кайра тургузулуп жаткан курулушта пайдасы көп тиери бышык.
Донбасс алюминий өндүрүшүнө да бай. Темир кени, чакан болсо да өзүнө таандык Днепр-Донецк газ сордуруучу провинциясына ээ. Бирок баарын пайдалуу кендер менен өлчөө түпкүрүндө натуура иш. Донецк облусунда эле украиналык армия келген кезге чейин сегиз жылуулук электр станциясы, элүүдөн ашык көмүр шахтасы, кенди байытуучу отуз фабрика иштеп турган.
Тоо-кен казуучу кластер да ушул жерде жайгашкан. Атап айтканда, Никитов сымап комбинаты, Докучаев флюс-доломиттик комбинаты, Кальчик айылындагы сиониттик фабрика, отко туруштук берчү чопо жана башка көп нерселерди чыгарган заводдор дал ушул жакта.
Луганск менен Донецк — эбегейсиз металлургиялык борбор. Донецк жана Енакиевдик металлургиялык заводдор, Ильич атындагы мариуполдук, Киров атындагы макеевдик комбинаттар да ушул аймактарга таандык. Аларга 11 кокс-химиялык комбинат, Константинов чоюн эритүүчү жана Харцыз түтүк жасоочу заводдору да бар. Кыскасы, ири ишканалардан, бюджеттин донорлорунан бул жакта эмне гана жок.
Айтор, Донбасс – Россия үчүн эч кандай жүк болбойт, тескерисинче, ар бир өлкө кыялданган бекем тирөөч. Аймакта оор, бирок маңыздуу эмгеги менен сыймыктанган бир нече миллион киши жашайт. Негизги комбинат, завод жана фабрикалар жайгашкан. Болгону тынчтыкты туруктуу орнотуп, Украинанын тушунда ээн, унутта калган нерселерди жаңыртуу гана абзел. Ал эми калганын Донбасс өзү эптештирип кетет, анткени бул жакта чабал жана жалкоолор жок.