Дарыгер: таттууну чай менен ичүү инфекциялык ооруларды жаратат

Таттууну дайыма жеп туруу даам рецепторлоруна да таасирин тийгизип, организм аны улам талап кыла берери айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Таттууну чай менен ичүү адаты өнөкөт инфекциялык оорулардын жаралышына алып келиши ыктымал. Бул тууралуу Sputnik радиосуна терапевт, гастроэнтеролог Никита Харлов айтып берди.
"Таттуу менен адам эле эмес, ичегилериндеги бактериялар да тамактанат. Ашыкча углевод менен микрофлора азыктанып, натыйжада өнөкөт инфекциялык оорулар жаралышы мүмкүн. Мунун айынан иммунитет алсырап, башка илдеттер да жармашат", — деди дарыгер.
Ал ошондой эле таттуунун курамындагы углеводдор организмде инсулинди жогорулата турганын, бул семирүүгө жана кант диабетинин өрчүшүнө алып келерин билдирди.
Ошондой эле ар дайым таттууну жеп туруу даам рецепторлоруна да таасирин тийгизип, организм аны улам талап кыла берет.
Адис уйкунун жетишсиздиги кайсы илдеттерге кептей турганын айтты