Төө-Ашуудагы тоннелде күйгөн Lexus 470 чыгарылып, Бишкек — Ош жолу ачылды

Өрт кырсыгы бүгүн саат 15.50лөр чамасында катталган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Төө-Ашуудагы тоннелде өрттөнүп кеткен автоунаа чыгарылып, транспорт кыймылы жанданды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
“Күйүп кеткен автоунааны тоннелдин түштүк тарабына сүйрөп чыгышты. Электр энергиясын калыбына келтирүү үчүн энергетиктер келишет”, — деп айтылат маалыматта.
1 / 3

Белгилей кетсек, кырсык бүгүн саат 15.50лөр чамасында катталып, анда тоннелдин 1250 метринен өтүп бара жаткан Lexus 470 үлгүсүндөгү жолтандабас өрттөнүп кеткен.

2 / 3

Алдын ала маалымат боюнча, автоунаанын өрттөнүп кетүүсүнө жаңы орнотулган газ жабдуусу себеп болгон

3 / 3

Мындан улам Бишкек — Ош жолунда бараткан унаалар өтө албай калган

Белгилей кетсек, кырсык бүгүн саат 15.50лөр чамасында катталып, анда тоннелдин 1250 метринен өтүп бара жаткан Lexus 470 үлгүсүндөгү жолтандабас өрттөнүп кеткен. Алдын ала маалымат боюнча, автоунаанын өрттөнүп кетүүсүнө жаңы орнотулган газ жабдуусу себеп болгон. Мындан улам Бишкек — Ош жолунда бараткан унаалар өтө албай калган.
Тез татым, кийим саткан жай күйдү. "Дордой" базарындагы өрт чектөөгө алынды. Видео