Ысык-Көлдө милиционер сууга чөгүп бараткан аялды куткарып калды

Аялдын жакындары милиционерге эрдиги үчүн ыраазычылык билдиришти.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө милиционер сууга чөгүп бараткан аялды куткарып калды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 3-июль күнү болгон. Пансионаттардын бириндеги пляжга түшүп жаткан 60-65 жаштар чамасындагы аял жардам сурап кыйкырган.
"Көлдүн жээгинде кызмат өтөп жаткан милициянын старшинасы Адылбек Апышев чөгүп бараткан аялдын үнүн угуп, куткарып калууга жетишкен", — деп айтылат маалыматта.
Аялдын жакындары милиционерге эрдиги үчүн ыраазычылык билдиришти.
Акча жасоону эле көздөшөт. Сулайманов Көлдөгү пляж ээлерине талапты күчөттү