БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Таласта кудукта газга уулангандардын бири көз жумду. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги тастыктады.
Эске салсак, 30-июнь күнү "Таза суу" ишканасынын төрт кызматкери 2,5 метр тереңдиктеги кудукта оңдоо иштерин жүргүзүп жатып көмүр газына ууланган. Алар эси ооп биринин артынан бири кулай баштаганда жакын аймакта тамактанып жаткан ИИМдин атайын багыттагы полкунун кызматкерлери жардамга келип куткарып калышкан.
"Жалпысынан газга алты адам ууланган. Анын ичинен үчөө амбулатордук дарыланууга кетсе, үчөө ооруканага жаткырылган. Кийинчерээк эки бейтап үйүнө чыгарылган. Тилекке каршы, жасалма дем алдыруучу аппаратта жаткан бир бейтап эсине келбей 4-июлда көз жумду. Ал комада болчу", — деди министрликтин маалымат кызматы.
Көз жумган бейтапка аба жетпей жүрөгү кармап калганы кошумчаланды.