Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Шойгу Путинге ЛЭРдин толук бошотулушу боюнча маалымат берди

Россиянын Куралдуу күчтөрү ЛЭРдин Элдик милиция бөлүктөрү менен кечээ Лисичанскини толугу менен көзөмөлгө алган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. РФ коргоо министри Сергей Шойгу президет Владимир Путин менен жолугушуп, Луганс Эл Республикасын бошотуу боюнча операциянын ийгиликтүү аяктаганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Эки жуманын ичинде Лисичанск менен Северодонецкинин аймагындагы кылмыштуу топтордун баары жок кылынды. 25 калктуу конуш көзөмөлгө алынган, эң ирилери — Северодонецк, Золотое, Горское, Волчеяровка. Операция ЛЭРдеги эң ири шаардын бири Лисичанскинин бошотулушу менен аяктады", — деди Шойгу.
Анын айтымында, ЛЭРди бошотууга кеткен эки жуманын ичинде украин армиясы 5,5 миң кишисин жоготкон.
"Украина куралдуу күчтөрүнүн жоготуусу 5 469 адамды түздү, анын ичинен 2 218и каза тапса, 3 251и жаракат алган", — деди министр.
Путин өз кезегинде ЛЭРди бошотууга катышкан аскер бөлүктөрү эс алышы керектигин билдирип, өзгөчөлөнгөн жоокерлер сыйлыкка көрсөтүлүшү зарылдыгын белгиледи.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
8 жылдан кийин келди. ЛЭРге кайткан Элдик милиция жетекчисинин видеосу