Шейшембиге карата аба ырайы

5-июлга караган түнү кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым райондордо 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Шейшемби күнү республиканын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +19...+24, Талас өрөөнүндө +18...+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +27...+32, Ысык-Көл облусунда +22...27, Нарын жергесинде +23...+28 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаада +22...+24, Ош шаарында +30...+32, Чолпон-Атада +24...+26 градуска көтөрүлөрү айтылды.
Ысыкта тамак-ашка ууланып калбаңыз. Адистердин маанилүү кеңеши