Россия COVID-19 боюнча киргизилген чек арадагы чектөөлөрдү 15-июлда жоет

Роспотребнадзор эпидемиологиялык абал жакшырып калганына байланыштуу июль айынын башында коронавирустук чараларды жокко чыгарган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Россиянын өкмөтү 15-июлдан тарта буга чейин COVID-19га байланыштуу киргизилген чек арадагы чектөөлөрдү жоет. Бул тууралуу ыкчам штаб вице-премьер Татьяна Голикова менен болгон жыйындын соңунда билдиргенин РИА Новости жазды.
Кеп кургактагы транспорт жөнүндө болуп жатат. Аба жана деңиз аркылуу кирип-чыгууга киргизилген чектөө 14-июнда жоюлган.
Роспотребнадзор эпидемиологиялык абал жакшырып калганына байланыштуу июль айынын башында коронавирустук чараларды жокко чыгарган. Ведомство жай айында "омикрондун" тез жайылышы күтүлбөй турганын белгилеген.
Коронавирус менен ооругандар уйкуну кантип жөнгө салса болот? Адистин кеңеши