Алтынбек Эргешов Нарын облусуна башчы болду

Аткаминер. Архив
Сабыркул Ашимбаев башка кызматка өттү. Ал Нарын облусун бир жыл башкарды.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.
Полпред в Нарынской области Алтынбек Эргешов
Алтынбек Эргешов
Маалыматка караганда, Ашимбаев башка кызматка өттү. Нарын облусун мындан ары Алтынбек Эргешов жетектемей болду. Ал буга чейин президенттин аппаратынын башкармалыктарынын бирин жетектеп келген.
Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун акими Эрмекбай Омошев. Архив
Кочкор районунун акими алмашты