Луганск Элдик милициясынын согуштук аракеттерди жүргүзгөн 7-бригадасынын командиринин орун басары Андрей Скорый Донбасстагы каршылыктар башталган 8 жылдан кийин үйүнө, Лисичанскиге кайтты.
Аны жана жакындарын толкунданткан бул учурун РИА Новостинин журналисти видеого тартып алып, аталган агенттиктин Telegram каналына жайгаштырды.
"Сегиз жыл үйдө жок болдум", — деген Скорый жакындары менен көрүшүп жатып.
"Биздики, жергиликтүү командир", — дешкен аны тосуп алып жатып ошол жердеги аялдар.
2014-жылга чейин Скорый өзүнүн шаарында бизнес менен алектенип, кийинчерээк Лисичанскинин жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Ал ачкан кафе бул жылдары украиналык согушкерлерге кызмат кылып келген. Скорый аталган тарапка каршылык көрсөткөн багыттардын бирин жетектеп, акыры үйү менен мүлкүн кайрадан кайтарып алган.
РИА Новостинин журналисти ишемби күнү кечинде союздук аскелер украиналык күчтөр турган Лисичанскини — Луганск Эл Республикасындагы акыркы шаарды алганын билдирген. Жекшемби күнү коргоо министри Сергей Шойгу президент Владимир Путинге ЛЭРдин бошотулганы боюнча маалымат берген. Украиналык аскер күчтөрүнүн Башкы штабы Лисичанскиден өздөрүнүн аскерлери чегингендигин бир сутка өткөндөн соң, тагыраагы, жекшемби күнү гана билдирген. Муну бир аз убакыт өткөндөн кийин Владимир Зеленский да мойнуна алган.