Улуттук гвардия: Каракалпакстандагы окуяда 18 киши каза тапты

Буга чейин Мирзиёев жай тургундар менен укук коргоочулар арасында көз жумгандар бар экенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Каракалпакстандагы башаламандык учурунда 18 адам каза тапты. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан өлкөнүн Улуттук гвардиясына шилтеме берип жазды.
Окуядан 243 адам жабыркаган, алардын 38и — укук коргоо органдарынын кызматкерлери.
"18 жаран оор жаракат алып каза тапты", — деп Улуттук гвардия Sputnik агенттигине билдирген.

Каракалпакстандагы башаламандык

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өткөн жумада Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн референдум өткөрүүнү сунуштаган. Июндун соңунда мыйзам долбоору элдик талкууга коюлган.
Парламенттин чечими боюнча, долбоор 4-июлга чейин жалпы элдик талкууга коюлат да, андан соң референдумга алып чыгышат. Демилгеде Баш мыйзамдын 64-беренесине 200 өзгөртүү киргизүү каралган. Каракалпакстан Конституцияда референдумдун негизинде өлкөнүн аймагынан чыгып кете алган суверендүү республика катары каралган. Конституциялык реформада бул жобону алып салуу туурасында айтылган. Сунушталган өзгөртүүлөрдүн ичинде Өзбекстан президентинин ыйгарым укугун бештен жети жылга чейин узартуу, өлүм жазасына, жаранды башка мамлекетке өткөрүп берүүгө тыюу салуу сыяктуу учурлар бар.
Буга нааразы болгон миңдеген адам 1-июлда Нукус шаарында митингге чыгышкан. Ал эми 2-июлда Шавкат Мирзиёев кайра Конституциянын Каракалпакстандын суверендүүлүгүнө тийиштүү беренесине өзгөртүү киргизбөөнү сунуштаган.
Кечээ Каракалпакстанда өзгөчө абал режими жарыяланды. Ал 2-августка чейин созулмакчы.
Өзбекстан парламенти Каракалпакстандын суверендүүлүгүн сактоо чечимине келди