Өрт чыккан үйдөн эне-баланын өмүрүн сактап калган милиционер сыйланды

Өрт чулгаган маалда энеси кичинекей кызы менен үйдөн чыга албай калган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Өрт чыккан үйдөн энеси менен кызынын өмүрүн сактап калган милициянын старшинасы Калыбек Асылбеков ИИМдин "Каармандык" медалы менен сыйланды. Бул туурасында министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Өрт чыккан үйдөн энеси менен кызынын өмүрүн сактап калган милициянын старшинасы Калыбек Асылбеков ИИМдин "Каармандык" медалы менен сыйланды
Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов медалды тапшырып, милиция кызматкерине көрсөткөн эрдиги үчүн ыраазычылык билдирген.
Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов медалды тапшырып, милиция кызматкерине көрсөткөн эрдиги үчүн ыраазычылык билдирген
Белгилей кетсек, 24-июнь күнү ИИМдин күзөт кызматында иштеген милициянын старшинасы Калыбек Асылбеков Чокморов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөгү батирден эки жолу жарылуу болгонун уккан. Ал барганда эл чогулуп, үй күйүп жаткан. Милиционер чуркап подъездге кирип, электрощитти өчүргөн. Андан соң батирдин катуу жабылып калган эшигин ачууга аракет кылып жатканда жардамга чакырган баланын үнүн уккан. Жанында турган жарандын жардамы менен эшикти ачып кирген. Өз өмүрүн тобокелге салып, бетин сууланган сүлгү менен жаап, түтүнгө толгон батирден 4-5 жаш чамасындагы кызды алып чыккан. Ошону менен бирге бөбөктүн апасын да өрттөнүп жаткан үйдөн чыгарууга жетишкен. Андан кийин куткаруучулар келген.
Төртөөнүн эси ооп. Спецназдын Таласта кудукка түшүп кеткендерди куткарган видеосу