Кыргызстанда 21-июль күнү Борбор Азия өлкө башчыларынын жолугушуусу өтөт

Лидерлер аталган иш-чарага катышуу чакыруусун кабыл алышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. 21-июлда Кыргызстанда Борбор Азия өлкө башчыларынын консультативдик жолугушуусу өтөрүн президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө консультативдик жолугушууга даярдыктарды жана күн тартибин талкуулашкан.
Маалым болгондой, Борбор Азия өлкөлөрүнүн бардык лидерлери аталган иш-чарага катышуу чакыруусун кабыл алышкан.
Былтыр аталган иш-чара Түркмөнстанда өткөн.
Жапаров Мирзиёев менен сүйлөшүп, өлкөдөгү окуяга тынчсыздануусун билдирди