Доллар кымбаттады, бензин жана алтындын баасы эмне болду. 4-июлга маалымат

Sputnik Кыргызстан редакциясы Бишкекте алтын, күйүүчү май жана чет элдик валюталардын баасы кандай өзгөргөнүнө баам салып турат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Дем алыш күндөрү доллар менен евронун курсу өсүп, күйүүчү май менен алтын куймалардын наркы өзгөргөн жок.
Жума күнгө салыштырмалуу долларды сатуу жана сатып алуунун орточо баасы 45 тыйынга жогорулап, учурда 80,7 сомдон сатып алынып, 81,7 сомдон сатылууда. Евро 23 тыйынга көтөрүлүп, сатып алуу 84,5, сатуу 85,5 сомду түзүүдө. Рублдин орточо курсу бир аз азайса (1,3 — 1,4), теңгенин баасы (0,1 — 0,2) болор-болбос өзгөргөн.
Күйүүчү майдын наркы өскөн жок.
"Роснефть"
АИ-92 — 63,6
АИ-95 — 66,4
"Бишкек Петролеум"
АИ-92 — 59,8
АИ-95 — 63,9
100 граммдыктардын баасы 5 147 сомго түшкөнүн эске албаганда алтын куймалары мурдагы тейде турат.
Кыргызстандын Кытайга карызы: эң ири сумма 2025-2027-жылдарга туура келет