Кыргызстанда 10 миң адамды 21 дарыгер карайт. Медиктер тууралуу статистика

Жалпысынан өлкөдө 14 миңден ашык дарыгер жана 34 миң медайым иштейт.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Кыргызстанда жыл сайын июль айынын биринчи жекшембисинде Медицина кызматкерлеринин күнү белгиленет. Улуттук статистика комитети саламаттык сактоо тармагындагы цифраларды сунуштады.
2021-жылдагы статистикага ылайык, өлкөнүн 10 миң калкына 21 дарыгер жана 51 медайым туура келет. Жалпысынан 14 миңден ашык дарыгер жана 34 миң медайым иштейт.
Дарыгерлердин арасында: терапевт (4,7 миң адам), хирург (2,4 миң), стоматолог (1,2 миң), акушер-гинеколог (1,0 миң) жана педиатр (500дөн ашык адам) адистиктери кеңири жайылган.
Саламаттык сактоо тармагындагы кызматкерлердин орточо айлыгы быйылкы январь-апрелде 15 697 сомду (кичи ишканаларды кошпогондо) түзүп, былтыркыга салыштырганда 46 пайызгы өскөн.
Медициналык мекемелердин саны:
ооруканалар — 177;
баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү уюмдар — 40;
медициналык тез (ыкчам) жардам көрсөтүү боюнча өз алдынча станциялар — 2;
фельдшердик-акушердик пунктулар — 1000ден ашуун;
Жалпы медициналык практика борбору — 62;
Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору — 155.
Кандай окуя болбосун эл менен болдуңар! Жапаров медиктерди куттуктады