БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Россиянын ӨКМинин куткаруучулары менен психологдору РИА Новости агенттигиндеги маегинде стрессти алдын алуунун жол-жоболорун айтып беришкен.
Адистердин пикиринде, адам болгону өз ресурстарын туура жана ырааттуу пайдаланышы керек.
Адам ресурсу психологиялык, кара күч жана адеп-ахлактык болуп үчкө бөлүнөт.
"Кара күч ресурсу тынч уйку, туура тамактануу, активдүү кыймыл, ден соолукка көңүл буруу сыяктуу нерселерден калыптанат. Ал эми психологиялык ресурсту нормада кармоого хобби, башкалар менен жылуу мамиле, жооптуу сүйүү жана кызматтагы жетишкендиктер жардам берет", — дейт психологдор.
Адеп-ахлак ресурсун толуктоо үчүн адам өзүнүн алдында "эмнеге?" деген суроого жооп бере алышы керек. Мисалы, "Эмнеге ушундай кырдаал түзүлүп калды?", "Эмнеге мен кыйналып жатам?" деген сыяктуу.
Психологдордун айтымында, ушул үч нерсени адам өзүнө чогулта алганда гана жашоонун ар кандай соккуларынан сактана алат.
Ошондой эле киши стресстик кырдаалдан өзүн оолак кармоого үйрөнүшү керек. Мисалы, чыр-чатактарды өз убагында чечүү, ошондой эле кыйынчылыктарга өтө эмоционалдуу реакция кылбоо сыяктуу жөндөмдөр өтө маанилүү.