Мигранттар акчасын текке кетирбей үйлүү болсо дейбиз. Ишкердин маеги

Бизнес кылууга бардык шарт бар, бирок ийгилик дароо эле келе калбайт дейт жеке ишкер Темирлан Жуманазаров. Ал учурда ата мекендик өндүрүшчүлөрдү дүйнөлүк рынокко алып чыгуу жана өлкөгө инвестиция тартуу менен алек.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттиги жеке ишкер, Expo Development компаниясынын негиздөөчүсү Темирлан Жуманазаровду кепке тартты. Ал компаниянын жасап жаткан иштери жана ишкерликтин оош-кыйышы тууралуу маек курду.
— "Бардык нерсенин башаты — балалык" деп коёт эмеспи. Кичинеңизде эле бизнеске кызыкканыңыздан кабардарбыз...
— Өзүм негизи Нарындын кулуну болом. Кийин Бишкекке көчүп келгенбиз. Бала кезимден эле абдан тентек болчумун, анан жакшы кийингенди жактырчумун. Ата-энем менен базарга барганда өзүм кийим тандап, ошондо эле табитим бар болчу. Мен 1-класста окуп жүргөндө "Бригада" деген сериал чыгып калды. Үй-бүлөбүз менен отуруп алып чогуу көрчүбүз. Бир жолу ошол сериалдын актёрлору түшүрүлгөн кагазды байкем үйгө көтөрүп келиптир. Мен дароо ксерокопияга барып, бир сомдон он даана чыгарып алдым. Анан аны мектепке барып 5 сомдон сатып, калгандарын дүкөндөргө өткөрүп киреше тапкам. Бизнеске кызыгуум ошондон башталды окшойт. Негизи атам Нарында жашап жүргөндө ишкерлик менен алектенип, чоң атам да соодага жакын киши болчу.
Expo Development компаниясынын негиздөөчүсү Темирлан Жуманазаров: Ишкерлик менен алып сатарлыктын айырмасы бар. Жеке ишкер компаниясын түптөп, логистикасынын баарын түзүп чыгышы керек.
— Атаңыздын кесиби юрист экен, сиз дагы юридикалык академияга тапшырып окууну толук бүтүрбөпсүз. Ага эмне себеп болду?
— Атам жеке ишкерлигин таштаган соң гана юридикалык билим алып, ошол тармакка өтүп кеткен. Ал киши жумуштан "баланчанын бул ишин бүтүрүп бердим, тигинттим" деп келчү. Ошол кезде "Секретные материалы" деген да телесериал чыккан. Аны көрүп абдан кызыкчумун. Мен да адамдарга жардам бергим келчү. Анан 9-классты бүткөндө атамдын жолун жолдоп, юридикалык колледжге кирдим. Студент кезимде эле эс алууга чыккан сайын ишкерлик кылып жүрдүм. Анткени 18 жаштан кийин ата-энемди кыйнабайм, кыжалат кылбашым керек деген түшүнүк бар болчу. Колледжди аяктап дароо юридикалык академияга тапшырдым, бирок такыр жаккан жок. Карасам тайпалаштарымдын баары байдын же чоңдун даяр акчага көнүп алган балдары экен. Жашоого көз караштарыбыз дал келген жок. Ошол кезде Samsung телефонунун түрдүү маркалары менен iPad жаңы чыгып жаткан. Байкем мага ишенип эле Кытайга буюртма берип койду. Товар келгенде маркетинг, адамдар менен иштешүү жагын ойлонуштуруп сатып баштадык. Шыгым бар экен. Ошол кезде 18 жашта болчумун. Эң жакшы сапаттагы видеолорду тартып интернетке киргизип, мекемелерди кыдырып презентация жасап жаттык. Ошентип отуруп ушул тармакка баш-отум менен кирип кеттим да, окууга көңүлүм келбей барбай койдум. Мага чалып жүрүштү. Атам да урушту. Анан 2012-жылы өзүмө жеке ишкер болууга сөз бердим. Ишкерлик менен алып сатарлыктын айырмасы бар. Жеке ишкер компаниясын түптөп, логистикасынын баарын түзүп чыгышы керек. Ичимден ата-энеме жарым жыл ичинде жакшы бир нерсе жасоону пландадым. Кудайга шүгүр, айткандай эле жарым жыл ичинде атамдарга жакшы кир жуучу автомат, экөөнө кымбат пальто, телефон алып бердим. Ошондон кийин алар да мага ишенип баштады.
Бирок юридикалык билим алганыма эч өкүнбөйм. Анткени жеке ишкерлерге бул абдан керек. Компания ачасың, товарларың бажыдан өтөт дегендей, көп иштер мыйзам менен байланыштуу. Буга кошумча, экономикалык жактан билим болсо жакшы.
Ишкер Темирлан Жуманазаров: Ишкерлигимди баштагандан эки жыл өтүп командага мотивация берүү, сатуунун ыкмалары, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн психологиясы жагынан көп нерсе жетпегенин байкап, изденүүгө өттүм.
— Ишкерлер деле бир орунда турбай өсүп турушу керек да...
— Ишкерлигимди баштагандан эки жыл өтүп командага мотивация берүү, сатуунун ыкмалары, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн психологиясы жагынан көп нерсе жетпегенин байкап, изденүүгө өттүм. Ар кандай китеп, макалаларды окуп, тренингдерге аябай көп бардым. Москвага, Алматыга чейин барып окуп келдим. Жаңылбасам, жылына 10 миң доллардан ашык каражатты жеке өсүшүмө жумшайм.
— Кытайлык ишкерлер менен дагы деле алакаңыз барбы?
— Он жылдан бери иштешип келем. Стратегиялык ишим Кытай менен байланыштуу. Мындан тышкары, Россия, Пакистан, Казакстан, Өзбекстан менен да иштешебиз. 2016-жылга чейин буюртма менен товарларды алып келип Кыргызстанга, Казакстанга сатып жүрдүк. Азыр чоң компаниялар менен корпоративдик жаатта гана иштешебиз.
— Компанияңыз курулуш фирмалары менен да иштешет экен?
— Компанияны ачканыбызга жарым эле жыл болду. Бул — Кыргызстандагы бардык өндүрүш, бренддерди колдоп, аларды чет өлкөгө чыгарууну көздөгөн компания. Анын арты менен өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуу максатыбыз бар.
Бизнес тармагында өлкөгө жана башка мамлекеттердеги жеке ишкерлерге бизнес-тур уюштурабыз. Азыр Россиянын экономикалык рыногу жарым-жартылай бош болуп турган кези. Анан да орус ишкерлери биздин текстиль тармагыбызга аябай кызыгып жатышат. Ошол үчүн Кыргызстанга Россиядан көп ишкерлерди алып келип бизнес-тур уюштуруп, Кыргызстандын эң күчтүү текстиль фабрикаларына, тигүү цехтерине, "Дордой" жана "Мадина" базарларына алып барып жатабыз. Муну менен катар келишимдер түзүлүп, өлкөгө ири инвестиция тартылууда. Азыр Түркия, Пакистан жана Казакстан мамлекеттеринен Кыргызстанга бизнес-тур уюштуруу менен алекпиз.
Темирлан Жуманазаров: компания Кыргызстандагы бардык өндүрүш, бренддерди колдоп, аларды чет өлкөгө чыгарууну көздөйт. Анын арты менен өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуу максатыбыз бар.
— Курулуш компаниялары менен мигранттардын ортосуна көпүрө болуп Россияда жарманке да өткөрүпсүздөр?
— Жалпысынан 2016-жылдан тарта, чоң компаниялар менен иштешип баштагандан бери ортодогу карым-катыш аябай бекемделди. Жеке ишкерлерди коргоо иретинде өлкөдө бир нече ирет бизнес-форум, жарманкелерди өткөрдүк. Азыр бизде курулуш компаниялар абдан көп, алар да батирлерин сата албай жүрүшөт. Буга чейин өкмөттө мигранттарды мекенине кайтаруу үчүн бир нече долбоорлор көтөрүлгөн. Ушул да бизге себеп болду. Москвада эки жылдан бери жеке ишкерлик кылып жүрөм. Мигранттардын абалын байкасам, тапкан акчасы билинбей эле короп кетет экен. Алар деле туура инвестиция кылууну көздөшөт. Бизде азыр кыймылсыз мүлк эле ишенимдүү да. Анан эки тараптын оюн угуп туруп, мындай жарманке эки жакка тең пайдалуу болорун билдик. Ортодо көпүрө болуп беребиз, бирок шарт боюнча курулуш компаниялар мигранттарга ылайыктуу келишим сунушташы керек. Ушундай шартта гана алар биздин жарманкеге катыша алышат. Жарманке абдан жогорку деңгээлде өттү. Кыргызстандан бир катар депутаттар келип колдоп, кыргыз диаспоралар, элчиликтин өкүлдөрү катышты. Ошол үч күндүн ичинде келген 15 компания 150дөй батир сатыптыр. Ал эми Кыргызстанда айына 5-6 эле батир өтөт да. Жарманкеде үч күндө ар бир компания 15-16дай батир сатып, Кыргызстанга 4,5 миллион доллар инвестиция салынды. Жарманкеге 15 миңдей мекендеш катышыптыр.
— Сиздер сунуштаган шартта үй алууну каалаган мигранттар каяка кайрылса болот?
— Жай мезгилин бизнесте "өлүү сезон" деп коёбуз, анткени көпчүлүк ар кайсы жакка эс алууга кетишет. Айрым мекендештер Россиядан Кыргызстанга келишет. Азыр Москвада чоң кеңсе ачып жатабыз, буюрса ал күзгө жакын даяр болуп калат. Мигранттар ошол жакка кайрылып, каалаган компаниядан өзүнө жаккан үйүн тандап алса болот. Бизге катышкан компаниялардын баары буга чейин 2-3 объект салган, бүт документтери мыйзамдуу, көзөмөлдөн өткөн фирмалар. Мигранттардын маңдай тери менен тапкан акчасынын талаага кетпешине биз да кепилдик беришибиз керек.
Темирлан Жуманазаров: Кыргызстанда 30 миңдей компания каттоодон өткөнү менен анын беш миңи гана иштеши мүмкүн. Ошонун ичинен 500 компания кербен жарманкесине катышуу пикирин билдирип жатат.
— Жарманкеге катышкан компаниялардан мигранттарга кандай жеңилдиктер болот?
— Мигранттар Кыргызстанга келбей эле үй алса болот. Алгач муну Россиядан баштап жатабыз, анан башка мамлекеттерде да кеңсе ачуу максатыбыз бар. Мындан тышкары, баштапкы төлөмсүз, пайызсыз, узак мөөнөткө төлөп кутулуу жагы каралган. Биздин компания аркылуу үй ала турган болсо батирдин чарчы метринин баасы да арзандатылат. Үй алган адам акчасын төлөй албай калса курулуш компаниялары кайсы бир пайызын кармап, каражатын кайра кайтарып берет. Бирок мигранттардын абалын түшүнүп, акчасын толук кайтарып берген учурлар да болгон. Ошондуктан биз эки жактын талабын угуп туруп, орток жакшы келишимдерди иштеп чыктык.
— Айрымдар жер там алууну каалайт да...
— Биз менен иштешкен курулуш компаниялардын арасында жер там салгандары да бар. Жалпы 15 компания менен келишим түздүк.
— Акыркы кезде үй алууда көп чырлуу маселелер да чыкканын көрүп жатабыз. Сиздер кооперативдер менен да иштешесиздерби?
— Биз менен иштешүүгө көп эле кооперативдер каалоосун билдирген. Бирок репутацияны биринчи орунга койдук. Кардарларынын үйгө жетпей же акчасын кайтара албай калган учурларын көрүп жатабыз. Азыр өндүрүш тармагын да колдоо иретинде "Караван Экспо" деп аталган чоң жарманке өткөрүүдөбүз. Максаты — ата мекендик өндүрүштү дүйнөлүк деңгээлге көтөрүү. Бул жарманке кыргыздын маданиятын, элибиздин көчмөн турмушун чагылдырып, мурунку соода кербендериндей улам жер которуп Москва, Түркия жана Дубайда болуп, андан ары башка өлкөлөрдү кыдырат. Ага текстиль, агро, туризм жана башка 13 багыттагы сектор катышат. Кыргызстанда 30 миңдей компания каттоодон өткөнү менен анын беш миңи гана иштеши мүмкүн. Ошонун ичинен 500 компания кербен жарманкесине катышуу пикирин билдирип жатат. Дүйнөнү кыдырып жүрүп көптөгөн жарманкелерден бир да кыргыз компаниясын көргөн жокмун. Бул намыстантты. Ошентип ишкерлерге жарманке маданиятын да үйрөтөлү дедик. Биздеги жаңы бренддерди чет элге таанытуу да керек. Кыргызстандын ичинде жүрө берүүгө да болбойт. Ишкерлердин экспого чыгуу учуру келди. Азыр кыргыз ишкеринин образы тууралуу дүйнөлүк түшүнүк жок. Ошол себептен бизнес тармагында жакшы жагынан таанылышыбыз керек. Кыргыздар иштин көзүн бат таап, тез тил үйрөнгөн, ийкемдүү келишет.
Жыл сайын мындай жарманкелерди дүйнөнүн булуң-бурчунда өткөрүп туруу максатыбыз бар. Негизинен мамлекетке инвестиция тартууну көздөйбүз.
Ишкер Темирлан Жуманазаров: Мигранттардын маңдай тери менен тапкан акчасынын талаага кетпешине биз да кепилдик беришибиз керек.
— Жеке ишкерлик жаатында ар кандай учурлар баштан өтөт. Банкрот болгон кезде бизнестен кетүү тууралуу ой болду беле?
— Бизнести баары оңой ойлошот. Айрымдар жеке кат куржунга "ишкерликти үйрөтчү" деп жазышат. Бизнес — бул бир жерде отуруп эле айлык ала берген мамлекеттик кызматтай жайлуу орун эмес. Мында иштебесең ачка каласың. Дайыма тобокелдик менен жүрөсүң. Саясат жана ар кандай кризистик кырдаалдар таасир этет. Көп жолу банкрот болдум. Пандемия учурунда 100 миң долларга күйүп кеткем. Бирок мунун баары мени чыйралтат. Жеке ишкерликке кызыккандар бизнесмендердин ийгилиги өңдүү тренингдерге көп катышкандан көрө банкрот болуп, ири суммага күйүп, кийин бул кырдаалдан кантип чыккандыгы тууралуу жазгандарын көп окуса бизнеске таза ой жүгүртүү менен келмек. Азыр бардык тармакта иш алып барса болот. Рынокко кирерде ошол тармакты изилдеп, маркетингдик пландарды түзүү керек. Технология, интернет өнүккөн заманда жарнамалоо жагы да оңой. Бирок жаштар дароо эле байып кеткенди каалашат. Андай болбойт. Баары акырындык менен ишке ашат. Жыгыласың, кайра турасың.
— Жеке ишкерлик жагынан кандай жаңылыктарыңыз бар?
— Expo Development чоң компания болгондуктан көп адам эмгектенип, чоң команда иш алып барат. Ал эми жеке ишкерлик жагынан эки долбоор жазып жатабыз. Мен азыр өзүмдүн эле эмес, адамзаттын пайдасына иштеген социалдык долбоорлорду алып баруучу деңгээлге жетип калдым. Убакыт өткөн сайын аң-сезимиң өзгөрөт экен. Эмнеге Илон Маск, Стив Жобстор Кыргызстандан чыкпашы керек? Биз илгертеден эле чыгармачылыкка жакын креативдүү элбиз. Долбоор жазып жатканда масштабдуу ойлонсок анын укуругу узун болот.
Россияда иштеген Тик-Ток жылдызы Тимур: эки күндө миллион көрүүчү топтодум
Болот Шердин кызы Асел: атаң өткөндөн кийин жашоонун даамы такыр бөлөк экен...