Жумасына эки жолу учат. Алматыдан Ысык-Көлгө авиакаттам ачылды

Каттамдын санын көбөйтүү пландалып жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Алматыдан Ысык-Көлгө авиакаттам ачылды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.
"Ысык-Көл" эл аралык аэропорту 1-июлда Алматыдан биринчи каттамды кабыл алган.
SCAT авиакомпаниясы Алматы — Тамчы — Алматы багыты боюнча авиакаттамдарды жумасына эки жолу — дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарып турмакчы.
Жума ичине дагы эки каттам кошуу пландалып жатканы айтылды. Учуу убактысы 40 мүнөткө созулат.
Оштон Ысык-Көлгө түз авиакаттам ачылды. Жумасына 6 жолу учат