Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Симферополдон Херсонго рейстик автобус каттай баштады. Видео

Жума күнү Херсон - Симферополь маршруту дагы жанданган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Сегиз жылдан бери алгачкы ирет Симферополдон Херсонго рейстик автобус келди. Бул тууралуу РИА Новостинин кабарчысы билдирди.
Жума күнү Херсон - Симферополь маршруту дагы жанданган. Автобус Крымга расписание боюнча саат 6:30да кеткен.
Буга чейин Херсон облусунун аскердик-жарандык администрациясынын транспорт департаментинин директору Тимур Худояров Херсондон Симферополго эки рейс каттатуу пландалып жатканын журналисттерге билдирген. Күндүзгү автобус Крымды көздөй саат 16:00дө жөнөйт.
Атайын операция учурунда россиялык жоокерлер Херсон облусу менен Украинанын түштүгүндөгү Запорожский облусун көзөмөлгө алган. Аймактарда аскердик-жарандык администрациялар түзүлүп, россиялык телеканалдар менен радиостанциялар тарта баштады. Учурда соода байланыштар калыбына келтирилүүдө.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Херсондо диверсиялык топту табышты. Видео