Садыр Жапаров: Атамбаевдин иши боюнча сотко кийлигишпейм

Жапаров мындан ары Ак үйдөн көрсөтмөлөр берилбей, мыйзамдын диктатурасы иштей турганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине курган маегинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин соттук иштери боюнча жооп берди.
Журналист ага "Октябрь окуясы боюнча баары эле акталды. Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов жана башкалар бар. Айрым блогерлер бийлик менен соодалашуу болду деп жатышат. Бул боюнча эмне айта аласыз?" деген суроо узаткан.
"Эч кандай соодалашуу болгон жок жана мен бирөөнү дагы кабыл алган жокмун. Жөн гана соттордун эркин чечими болду. Мен дайыма "Соттордун ишине кийлигишпегиле" деп айтып келем. Мартта өткөн соттордун курултайында да сотторго "Кандай иш карасаңар да мыйзам чегинде, адилеттүү чечим чыгаргыла деп айткам", — деди ал.
Ошондой эле мындан ары Ак үйдөн көрсөтмөлөр берилбей, мыйзамдын диктатурасы иштей турганын кошумчалады.
Эске салсак, 28-июнда Биринчи май райондук соту Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди октябрь окуялары боюнча актаган. Бирок анын башка дагы соттук иштери бар.
Абактагы ордумду берем. Атамбаев кайра чуу салып сот залынан чыгарылды