Садыр Жапаров КМШ өлкөлөрүнөн келген кадырлуу коноктор менен жолукту

Жапаров жалпы маданий-гуманитардык мейкиндикти калыптандыруу КМШнын негизги артыкчылыктарынын бири экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров “Каракол – 2022-жылы КМШнын маданий борбору” эл аралык программасынын алкагында чет элдик кадырлуу коноктор менен жолукту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдирди.
Алардын арасында Россия президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой, КМШга мүчө мамлекеттердин гуманитардык кызматташтык боюнча Мамлекеттер аралык фондунун аткаруучу директору Анатолий Иксанов, КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Бекетжан Жумаханов, Түркмөнстандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Шадурды Мередов бар.
1 / 5

Жапаров жалпы маданий-гуманитардык мейкиндикти калыптандыруу КМШнын негизги артыкчылыктарынын бири экенин айтты

2 / 5

Ал эми РФ президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой Россия менен Кыргызстанды тыгыз маданий гана эмес, саясий жана экономикалык мамилелер дагы байланыштырып турарын, бул Россия үчүн абдан маанилүү экенин айтты

3 / 5

КМШга мүчө мамлекеттердин гуманитардык кызматташтык боюнча Мамлекеттер аралык фондунун аткаруучу директору Анатолий Иксанов Каракол укмуштуудай маданиятка каныккан жер экенине суктанды

4 / 5

КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Бекетжан Жумаханов президент Садыр Жапаровдун буга чейинки туризмди өнүктүрүү үчүн КМШнын сыйлыгын түзүү демилгесин колдоду

5 / 5

Түркмөнстандын элчиси Шадурды Мередов да Кыргызстандын бай жаратылышын жана маданиятын баса белгиледи

Жапаров жалпы маданий-гуманитардык мейкиндикти калыптандыруу КМШнын негизги артыкчылыктарынын бири экенин айтты.

“КМШда маданий кызматташтык уламдан-улам жаңы багыттарды камтыган бийиктиктерге чыгып жатканы белгилүү. Шериктеш өлкөлөрдө өтүп жаткан конференциялар, театр жана музыка фестивалдары чыгармачылык байланыштарды күчөтүүгө көмөктөшөт. Кыргызстан КМШдагы өнөктөштөр менен ар тармакта иштөөгө даяр”, — деди президент.

Ошондой эле ал КМШ мамлекеттеринин аймактарындагы курорттор жана комплекстерде сергек жашоо үчүн толук кандуу шарт түзүүнү сунуштаган. Спортчуларды эл аралык мелдештерге, анын ичинде Олимпиада оюндарына даярдоо үчүн биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу керектигин кошумчалады.
Ал эми РФ президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой Россия менен Кыргызстанды тыгыз маданий гана эмес, саясий жана экономикалык мамилелер дагы байланыштырып турарын, бул Россия үчүн абдан маанилүү экенин айтты.
КМШга мүчө мамлекеттердин гуманитардык кызматташтык боюнча Мамлекеттер аралык фондунун аткаруучу директору Анатолий Иксанов Каракол укмуштуудай маданиятка каныккан жер экенине суктанды.
КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Бекетжан Жумаханов президент Садыр Жапаровдун буга чейинки туризмди өнүктүрүү үчүн КМШнын сыйлыгын түзүү демилгесин колдоду.
Ал КМШ өлкөлөрүнүн эң көрүнүктүү тарыхый жерлерин камтыган “КМШ өлкөлөрүнүн асыл мончогу” аттуу жаңы долбоор иштелип жатканын билдирди.
Түркмөнстандын элчиси Шадурды Мередов да Кыргызстандын бай жаратылышына жана маданиятына суктанды.
Швыдкой: Каракол КМШнын маданий борбору наамын алганына бактылуубуз