Окулист күндөн коргоочу көз айнек тууралуу кызыктуу фактыларды айтып берди

Дарыгердин айтымында, жайкысын сыртта жүргөндө көз айнекти чечпей эле койгон оң.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Күндөн коргоочу көз айнек жайкысын өтө зарыл буюмдардын бири. Анын көзгө тийгизген оң-терс таасирлери тууралуу РИА Новости агенттигине офтальмолог Татьяна Елисеева айтып берди.
Имаратка же күн тийбеген башка жайларга киргенде көз айнекти дароо чечүү керек. Анткени күн жок жерде, анын айнектери көзгө, тескерисинче, зыян келтире баштайт. Тагыраагы, күңүрт айнектен көз жакшы көрбөй, булчуңдар чыңалат. Кесепетинде баш ооруйт, көз талыйт.
күндөн коргоочу көз айнекти кышкысын дагы тагынуу керек. Күн ачыкта карга чагылышкан нурлар көздү уялтып, оорутат;
күн бүркөктө же ала булут болуп турган кезде көз айнек тагынуунун зарылдыгы жок деп эсептегендер жаңылышат. Жарык анчалык күчтүү болбогону менен ультрафиолет нурлары ошол эле деңгээлде болот;
шамал жана чаң болуп турганда, көз айнекти тагынып алган жакшы. Бул нерсе линза тагынган кишилерге өзгөчө зарыл. Анткени сыртта жел болуп турганда көз бат кургап, линза ыңгайсыздык жарата баштайт. Ал эми көз айнек көздү кургап кетүүдөн коргойт.
Мээ кайнаткан ысыктан кыйналган организмди кантип коргоо керек