Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Мариуполь шаарында жаңы кичи райондун курулушу башталды. Видео

Мындан сырткары, ноябрь айында Луганскинин жашоочулары үчүн курулган медициналык борбор өзүнүн ишин баштайт.
Sputnik
Күзүндө Мариуполь шаарында беш кабаттуу 12 үйдөн турган кичи районду куруп, даяр кылып коюшат. Бул тууралуу RT өзүнүн Telegram-каналы аркылуу кабарлады.
Анда баш-аягы 1000 батир салынары, курулуштун 115 гектарды ээлей турганы маалым болду. Кичи районду түптөөгө 600 адис киришип, ар кыл 80 даана техникалардын иштеп жатканы айтылды. Россиянын коргоо министринин орун басары Тимур Иванов курулуш муну менен чектелип калбастыгын билдирген.
"Мындан кийин дагы бир ири курулушту баштоо пландалууда. Бул жерге заманбап, жаңы квартал түшөт. Бала бакча, мектеп, ал тургай муз аянтчасы менен бассейнди да караштырып жатабыз. Анын бардыгы шаардыктар үчүн кызмат кылышы керек", — деген ал.
Ноябрь айында Луганскинин жашоочулары үчүн курулуп жаткан медициналык борбор өзүнүн ишин баштайт. Госпиталды медициналык заманбап жабдуулар менен камсыздарын айтышты.
Тема боюнча:
Лисичанск: мунайды кайра иштетүүчү заводдун бошотулган ирмемдери