Кыргызстандын маданият жана искусство ишмерлерине Токтогул сыйлыгы ыйгарылды

Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. – Sputnik. Кыргызстандын бир катар маданият жана искусство ишмерлерине Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Сыйлыкка татыгандар:
Усубалиев Таалайбек Сыдымановичке, сүрөтчү — медицина кызматкерлеринин жана ыктыярчылардын COVID-19 пандемиясы менен күрөшү, ошондой эле коронавирустун курмандыктары жөнүндө картиналардын сериясы үчүн;
"Саманчынын жолу" спектакли үчүн Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын төмөнкү автордук жамаатына:
Сыдыгалиева Анарага, актриса — Толгонайдын ролун аткаргандыгы үчүн;
Жанжигитов Данияр Тыныбековичке, актёр — Майсалбектин ролун аткаргандыгы үчүн;
Конушбаев Алымгазыга, сүрөтчү-сценограф — оюндун сценографиясы үчүн.
Садыр Жапаров бир катар ишкерлерге мамлекеттик сыйлык тапшырды. Тизме