Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лисичанск шаары Россия менен ЛЭРдин көзөмөлүнө алынды

Шаарды таштап кеткен украиналык согушкерлер административдик маанилүү имараттардын бир бөлүгүн жардырып кетишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Лисичанск шаары алынды жана Россия менен ЛЭРдин союздаш күчтөрүнүн көзөмөлүндө. Бул тууралуу РИА Новости агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.
Шаарды таштап кеткен украиналык согушкерлер административдик маанилүү имараттардын бир бөлүгүн жардырып кетишкен. Анын ичинде мэрия дагы бар.
Өткөн үч сутка ичинде россиялык аскерлер ЛЭРдин жоокерлери менен биргеликте Лисичанск мунайды кайра иштетүүчү заводун, “Матросская” шахтасын, желатин заводун, Тополевка калктуу конушун бошотушкан.
Россия 24-февралдан бери Украинада аскердик атайын операция жүргүзүүдө. Владимир Путин анын максаты сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан геноцидге кабылган адамдарды коргоо экенин билдирген.
ЛЭР: ЕККУ Донбасстагы жаңжалды жөнгө салып жаткандай түр көрсөттү