Каракол КМШнын маданий борбору макамын кантип алды. 11 сүрөт

Караколдо 1-июлда чоң салтанат болуп, шаарга КМШнын маданий борбору деген макам берилди.
Sputnik
Президент Садыр Жапаров "Каракол – КМШнын маданий борбору" эл аралык программасынын башталышына катышып, иш-чаранын расмий ачылышында сөз сүйлөдү.
Борбордук стадионго чогулган көрүүчүлөргө театрлаштырылган оюн жана концерт тартууланды.
1 / 11

Караколдо 1-июлда чоң салтанат болуп, шаарга 2022-жылдагы КМШнын маданий борбору макамы берилди

2 / 11

Иш-чара театрлаштырылган прологдон башталды

3 / 11

Салтанат кечинде башталып, стадиондо эл абдан көп болду

4 / 11

Театрлаштырылган оюндан бир көрүнүш

5 / 11

Иш-чаранын бир бөлүгү көрүүчүнү кайдыгер калтырбаган театрлашкан өзөктүү программа менен башталды

6 / 11

Бул номерсиз эл аралык масштабдагы иш-чара көркүнө чыкмак эмес

7 / 11

"Кыргызстан өзүнүн имиджин жогорулатууга, эл аралык кадыр-баркын, ордун чыңдоого жана КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө мындан ары да жигердүү катыша берет деп ишендирип кетейин", — деди президент Садыр Жапаров

8 / 11

Театрлаштырылган оюн-зооктон бир көрүнүш

9 / 11

Конокторго эрендердин кыл чайнашып, намыс талашкан эр эңишин көрсөтүштү

10 / 11

"Россия менен Кыргызстандын кызматташтыгы өзгөчө тарыхый мүнөзгө ээ. Каракол — маданияттардын жана түрдүү этностордун айкалышын күбөлөндүргөн укмуштуудай шаар", — деди РФ президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой

11 / 11

Концерттик программа акындардын ой берметтерин чачыраткан алым сабак айтышы менен соңуна чыкты

Тема боюнча:
Каракол шаары КМШнын маданий борбору макамын алды. Салтанаттан видео
Жапаров "Каракол — КМШнын маданий борбору" программасына старт берди
Кызыл парустуу кемеден Эквадордогу тополоңго чейин. Апта ирмеми