Каракол шаары КМШнын маданий борбору макамын алды. Салтанаттан видео

Караколдо 1-июлда шаарга КМШнын маданий борбору макамын ыйгаруу аземи болуп өттү.
Sputnik
Президент Садыр Жапаров "Каракол – 2022-жылы КМШнын маданий борбору" эл аралык программасын ишке киргизип, шаардын мэрине макам сертификаты тапшырылды.
Стадиондогу көрүүчүлөргө театралдаштырылган оюн-зоок жана концерт тартууланды.
Каракол шаарында жыл аягына чейин бир нече маданий-гуманитардык иш-чараларды өткөрүү пландалууда.
Тема боюнча:
Швыдкой: Каракол КМШнын маданий борбору наамын алганына бактылуубуз