БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) миссиясы сегиз жылдан бери Донбасстагы жаңжалды жөнгө салууга көмөктөшкөндөй түр көрсөтүп келди. Бул тууралуу Луганск Эл Республикасынын тышкы иштер министри Владислав Дейнего билдирди.
ЛЭРдин Тышкы иштер ведомствосунун Telegram-каналы 1-июлда ЕККУнун Украинадагы 23 жылдык мөөнөтү аяктаганын билдирди.
"Мөөнөтү өтө ийгиликсиз аяктады. Буга акыркы сегиз жыл далил. Анткени ЕККУнун миссиясы чындыгында Украинанын кылмыштуу неонацисттик режимин колдоого багытталган үгүт иштерин активдүү жүргүзгөн", — деди министр.
Сөзүнүн соңунда ал миссия отчётунда канчалык объективдүүлүгүн көрсөтүүгө аракет кылганы менен реалдуу турмушта бардык ишмердүүлүгү окуялардын маңызын бурмалоого жана эл аралык коомчулукту адаштырууга багытталганын айтты.