Кочкор-Атада бир үйдөн 1 млн. сомдук зер буюм, автомат уурдап кетишкен. Видео

Кылмышка шектелип Чүй облусунун 20, 21 жана 25 жаштагы үч тургуну кармалды.
Sputnik
Жалал-Абад облусундагы Кочкор-Ата шаарында 900 миң сомдук зер буюмдарды жана куралды ок-дарылары менен уурдоого шектелип үч адам кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, 24-июнда 47 жаштагы тургундун үйүнө ууру кирген. Аталган факты боюнча Ноокен райондук милициясы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси ("Уурдоо") менен кылмыш иши козголгон.
"Уурулар үйдө эч кимдин жоктугунан пайдаланып терезеден кирип, баасы 900 миң сомдон ашык бриллиант ташы бар зер буюмдарын, ошондой эле сейфти ачып 7,62 калибрдеги МА-АК үлгүсүндөгү аңчылык карабинин алып кетишкен. Мындан тышкары, куралдын 60 даана ок-дарысы жана башка баалуу буюмдар уурдалган. Жалпысынан Кочкор-Ата шаарынын тургунуна миллион сом өлчөмүндө чыгым келтирилген", — деп айтылат маалыматта.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Чүй облусунун үч тургуну — 20 жаштагы С.У., 19 жаштагы М.Ы. жана 25 жаштагы Ж.С. аныкталган. Экөө бир нече күндөн кийин Бишкектен, бирөө Ош облусунун Кара-Кулжа районунан колго түшүрүлгөн.
"Алар уурдалган буюмдардын бир бөлүгүн сатууга үлгүрүшкөн. Ал эми курал жана ок-дарылар Кара-Кулжада кармалган жарандын тууганынын үйүнөн табылды. Учурда үч шектүү тең Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.
Кармалгандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Тема боюнча:
Араванда буюртма менен адам өлтүрүүгө бараткан кылмыштуу топ кармалды. Сүрөт