Жанды кыйнаган ысыктан кантип сактануу керек? Адис менен маек

ӨКМ Кыргызстанда ушул мезгил аралыгында күндүн табы +40 градуска чейин көтөрүлөрүн билдирген. Дарыгерлер абанын температурасынын 38 градустан жогорулаган учуру ден соолукка кооптуу экенин эскертип, ысыктан дыкаттык менен сактанууга чакырып да, эскертип да жатышат.
Sputnik
Жанды кыйнаган аптаптан кантип коргонуу керек жана күндүн өтө ысышы кимдерге кооптуулук жаратары тууралуу Sputnik Кыргызстан редакциясына Республикалык ден соолукту коргоо жана массалык коммуникация борборунун адиси Асел Акымбаева айтып берди.
— Ысыктын организмге тийгизген таасири кандай?
— Күндүн аябай ысышы жарандарга кыйын болууда. Кулап да калган учурлары бар. Негизи мындай аба ырайы организмге абдан кооптуу. Анткени күн ысыкта кан айлануу начарлап, киши алсырап, кан коюлуп кетиши да мүмкүн. Өзгөчө кичине балдар, кош бойлуулар, улгайгандар жана өнөкөт оорусу барлар үчүн коркунучтуу. Анткени мындай адамдардын организми ансыз деле күчтүү эмес, кайнаган ысык ден соолугун андан бетер алсыратат. Бул категориядагыларды коргоого алышыбыз керек. Негизи саат 11:00дөн баштап, 14-15терге чейин күн ачуу тиет. Ошол учурда сыртка чыкпай эле койгон туура. Же саат 11ге чейин сырттагы жумуштарды бүтүрүүгө аракет кылгыла.
— Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму адамдарды ысыктан коргонуунун жол-жоболорун сунуштап келет. Бирок айрым адистер деңиз деңгээлинен бийик тургандыктан 40, 41 градус ысык бизге анчалык деле кооптуу эмес экенин айтышат. Буга кандай дейсиз?
— Деңиз деңгээлинен өйдө болгондо, тескерисинче, кан басым көтөрүлөт. Бул дагы организмге таасир тийгизет. Анткени ал жакта абанын басымы күчтүү. Ал эми деңиз деңгээлинен ылдый аймактарда адамдардын кан басымы бир калыпта кармалып турат. Ошол себептен тоолуу райондордо жашагандар Чүйдүн аймагына көчүп келип жатканын байкоого болот. Негизинен кандай климат болбосун аба ырайынын өтө ысышы баарына тең эле залакасын тийгизет. Ошондуктан эрежелерди так аткарып, өзүбүзгө сак болушубуз зарыл.
Республикалык ден соолукту коргоо жана массалык коммуникация борборунун адиси Асел Акымбаева
— Кандай эрежелер бар?
— Көчөдө көлөкө менен басып же желдеткичтери бар чоң имараттарга кирип бир аз эс алып, анан жолубузду уласак болот. Суу ичүү режимин да сакташыбыз керек. Ысыкта организм эки эсе көп суюктукту талап кылат. Күнүнө 2-2,5 литрден кем эмес суу ичишибиз керек. Мисалы, бир килограмм салмакка 30-45 миллилитрден кем эмес суу керектелет. Компот, морс ичсек да туура. Ал эми кофе, чай, алкоголдук ичимдиктер менен газдалган суусундук дене-бойго зыян. Андан тышкары үстүбүздөгү кийимибизге көңүл бурушубуз зарыл. Өңү ачык, кенен, табигый кездемеден тигилген (пахта, льён - зыгыр буласы) кийимдерге басым жасагыла. Ал эми синтетика кийсек денебизге жабышып, аба өткөрбөй кыйнашы мүмкүн. Муну менен катар такасы бар же аба өткөрбөгөн туфлинин ордуна жеңил, жалпак, ар тарабы ачык бут кийимчен жүргөнүбүз оң. Башты да күндөн коргоо керек. Өзгөчө, кичине балдар менен жашы өтүп калгандар жылаңбаш жүрбөшү керек. Баштан ысык өтүп кетсе эс-учун жоготуп, жыгылып калуу да турган иш.
— Ысыкта кечке суу ичүүгө туура келет. Айрым адамдар эртең менен шишип-көөп да калышат. Ашыкча ичүүнүн зыяны жокпу?
— Зыяны бар. Күндүз иче берсе болот, бирок кечкисин чектеп койгон туура. Жатарда көп ичип алгандыктан кыйналып, эртең менен шишип ойгонобуз. Муздаткычтан алып эле дароо ичкен да болбойт. Адамдын ичи же тамагы ооруп калышы мүмкүн. Анан да ысып келип өтө муздак бойдон ичип жибергенде мээбиздеги кан тамырлардын басымы өзгөрүп, дароо баш ооруп чыгат. Ошондой эле күндүн ысыгында сыртта, кара жумушта иштегендер да ден соолугун абайлашы абзел.
Сууга адам үч себептен улам чөгөт. Маанилүү 8 суроого жооп
— Тамактануу жагы кандай болушу керек?
— Жайында энергия көп талап кылынбагандыктан майлуу, туздалган азыктардан алыс болгон жакшы. Күчтүү тамак ичкенде организм көп энергия бөлүп, алар кайра суусатат. Анын ордуна жеңил-желпи сүт азыктарын, айран, сүзмө, жашылча-жемиш менен чектелгенибиз туура. Анткени майлуу этти сиңиргенге эле төрт саат убакыт кетет. Ошондуктан тооктун этинен жасалган тамак-аш, жеңил шорпо, буурчак азыктары пайдалуу.
— Күндүн түз тийген нуру кал же меңи бар адамдарга зыян экенин айтышат. Муну менен катар залалдуу шишиктерди да пайда кыларын эскертишет. Бул жаатта да кеңешиңизди берсеңиз?
— Жай бою күндүн нурунан коргоочу кремдерди сүйкөнүп жүрүшүбүз керек. Биз андай талапты көп аткарбайбыз. Жайында сыртка чыгарда коргоочу крем, спрейлерди колдонушубуз зарыл. Анткени күндүн ачуу тийген нурлары теринин терең катмарына чейин кирип кетип тез картаюуга, кара тактардын түшүүсүнө алып келип, рак ооруларын чакырат.
Муну менен катар эшиктен катуу ысып келип кондиционердин алдына отура калууга болбойт. Жумушта да кондиционердин алдында иштесек ар кандай ооруларга чалдыгуу кооптуулугу бар. Бул бронхит, муун оорусу барларга зыян, астма жана өнөкөт өпкө ооруларын козгойт.
Ошондой эле ысыкта эшикте ойноп жүргөн балдар ар кандай жерлерден суу ичип жибериши мүмкүн. Алардын жанына таза суу куюп берүү керек.
Республикалык ден соолукту коргоо жана массалык коммуникация борборунун адиси Асел Акымбаева
— Ысыкта адамдын тамак-ашка табити да жоголот эмеспи...
— Тамакты ченеми менен жасап, көп сактабаганга аракет кылуу керек. Эгер ачык кала турган болсо, эки сааттын ичинде эле микробдор көбөйө баштайт.
— Ысыкта эс-учун жоготкон адамга кандай жардам көрсөтө алабыз?
— Коомдук транспортто эс-учун жоготсо ал адамды сыртка, көлөкө жерге чыгарып сөзсүз Тез жардам чакыруу керек. Ага чейин башын өйдөрөөк кылып жаткырып, галстук өңдүү денесин кыскан кийимдерин бошотуп, чекесине муздак нерсе басабыз. Эгер адам эсине келсе, суу ичирсе болот. Мүмкүн суусап кулап калгандыр. Негизи эсин жоготкон адамдын биринчи өңү кызарып, акырындан кубарып барып анан кулап калат.
Ысыкта үйдө салкыныраак сууга түшүп туруу көп жардам берет. Терезелерди караңгылатып, өнөкөт оорусу бар адамдар дарыгердин карамагында болушу керек. Жүрөгү ооругандарга ашыкча суу иче бергенге да болбойт. Канында канттын деңгээли көтөрүлгөн адамдар болсо анын өлчөмү көзөмөлдө турганы жакшы.
Тукум кууган оору атадан өтөбү же энеденби? Нейрогенетик Нурбекова менен маек