Ысык-Көлдөгү мушташ: уруш чыгарды делген адам камакка алынды

Окуя бир күн мурун Сары-Ой айылындагы “Радуга” пансионатынын аймагында болгон. Оозеки уруш массалык мушташка айланып кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү “Радуга” пансионатынын пляжында болгон мушташтын козголоңчусунун баш коргоо чарасы каралып, ал камакка алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдирди.
Мындай чечимди Ысык-Көл райондук соту чыгарды. 34 жаштагы М.Э. 20-июлга чейин камакта болот.
Буга чейин соцтармакка андан башка бир видео тараган. Жаштар пансионаттын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү менен мушташа кеткени кабарланып, тартип сакчылар 18 адамды кармаган болчу. Алардын бирөө Жалал-Абад облусунун, үчөө Чолпон-Атанын, калгандары Сары-Ой айылынын тургундары экени аныкталган.
РИИБге алып келингендердин көрсөтмөлөрүнө ылайык, жаңжалдашкан тараптардын бири пансионаттын пляжында конок тосуп жаткан. Алардын бири суудан анча алыс эмес жерде заара ушатып жаткандыктан коопсуздук кызматкери (жергиликтүү тургун) эскертүү берген. Эс алып жаткандар ага көңүл бурбай, пикир келишпестик ошол себептен башталган.
Бейбаштык фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Ысык-Көл: пансионаттагы мушташтын дагы бир видеосу тарады