Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөштү

Президенттер эки элдин ортосундагы ынак коңшулаштык менен боордоштукту чыңдоого багытталган активдүү саясий диалогду улантууну макулдашты.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Тараптар кыргыз-тажик мамилелеринин комплекстүү маселелерин талкуулап, регионалдык күн тартибиндеги актуалдуу темалар боюнча пикир алмашты.
Мындан тышкары, өлкө башчылары Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын алдыдагы консультативдик жолугушуусу боюнча маселеге да токтолушкан.
Президенттер эки элдин ортосундагы ынак коңшулаштык менен боордоштукту чыңдоого багытталган активдүү саясий диалогду улантууну макулдашты.
Путин Душанбеде Рахмон менен коңшу өлкөлөрдөгү кырдаалды талкуулады