Садыр Жапаров: мүлкүн адалдаштырчу байлардын арасында дос, туугандарым жок

Мамлекет башчы байлыгын чет өлкөдө катып жаткан кыргызстандыктар көп деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров мүлкүн адалдаштыра турган байлардын арасында дос, туугандары жок экенин айтып, депутаттарды мыйзам долбоорун колдоп берүүгө чакырды.
Ал байлыгын дагы деле чет өлкөдө катып жаткан кыргызстандыктар көп деп эсептейт.
"Ушул мыйзамдын негизинде акчасын Кыргызстанга алып келип легалдаштырсак банктар пайда көрөт. Өлкө ичинде завод, фабрикаларды салса иш орундары пайда болот, салыгы өзүбүзгө төлөнөт. Бул мыйзамдын болгон максаты ушул. Ал байлардын арасында менин тууганым же досум жок колдой турган. Биз бардыгын тактап, иштеп кете тургандай кылып, ошол байлар менен сүйлөшүп, кеңешин угуп, анан силерге жиберген мыйзам", — деди Жапаров.
Мамлекет башчы мындай мыйзам 2005, 2008 жана 2010-жылы да кабыл алынып, бирок чийки болгондуктан иштебегенин белгиледи.
"Биздин байлар ошол мыйзамга ишенген жок. Себеби кепилдик болгон эмес. Эгер дагы деле терс пикирде болуп, арам ойлук кылып жаткан болсоңор (депутаттар — ред.) кабыл албай койсоңор да болот. Биз эч кимди кыйнабайбыз, бирок байлардын акчасы Кипрде же башка офшордук банкта жатпай өзүбүзгө келсин деген максатыбыз бар", — деди президент.
Ошондой эле Жапаров Октябрь окуяларынан кийин байлардын алдын эки миллиард, артын 100 миллион сомго чейин төктүрүп, мамлекет баарынан алгандай болгонун айтты.
Белгилей кетсек, парламентте жарандар чогулткан байлыгын ачык көрсөтсө кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу тууралуу мыйзам долбоору талаш жаратууда. Каршы чыккан депутаттар демилгени коррупционерлерди актоо катары сыпаттап жатат.
Садыр Жапаров Кыргызстанда канча бай адам бар экенин айтты