Путин Жонсондун аялдар жана атайын операция боюнча айтканына жооп берди

Путин согуш тууралуу чечимди аял кабыл алганын, мындай алып караганда Британия менен Фолкленддин аралыгы алыс экенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. РФ лидери Владимир Путин Британия премьер-министри Борис Жонсондун Россиянын башында аял киши турса атайын операцияны болтурбайт эле дегени өтө одоно болуп калганын айтып, Маргарет Тэтчер Бириккен королдуктун өкмөт башында туруп Фолкленд аралдары үчүн Аргентина менен согуш баштагандыгын эске салды. Бул туурасында РИА Новости билдирди.
"Буга байланыштуу жаңы тарыхтагы окуяны эске салгым келди. Маргарет Тэтчер Фолкленд аралдары үчүн Аргентинага каршы согуш ачуу чечимин кабыл алган. Согуш тууралуу бул чечимди аял кабыл алган, мындай алып карасак, Британия кайда да, ал аралдар кайда жатат. Бул өзүнүн империялык статусун бекемдегиси келген империялык дымак менен байланышкан. Андыктан Улуу Британиянын азыркы премьер-министринин бүгүн болуп жаткан нерселер боюнча айтканы өтө эле орунсуз, орой болуп калды деп ойлойм", — деген Путин.
Батыш кайрадан "Россияны жеңүүгө" белсенди